Бүгүн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт. Алар:
– 60 кг чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финадык баскычтан баштайт;
– 67 кг чейинки салмакта Раззак Бейшекеев 1/8 финалдан баштайт;
– 72 кг чейинки салмакта Адылхан Нурланбеков 1/8 финалдан баштайт;
– 82 кг чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 1/4 финалдан баштайт;
– 97 кг чейинки салмакта Бексултан Махмудов 1/4 финалдан баштайт.
Мелдештер Бишкектеги шаардык “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтөт. Башталышы саат 11:30.


