Башкы бетке Рубрикасы жок Жакында эле пайдаланууга берилген Өзгөн айланма жолу убактылуу жабык

Жакында эле пайдаланууга берилген Өзгөн айланма жолу убактылуу жабык

0
231

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жакында эле пайдаланууга берилген Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун убактылуу жабык турганынын себебин түшүндүрдү.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, учурда жолду тейлеген тарап банктар менен келишим түзүү, төлөмдөрдү кабыл алуу шарттарын, өткөрмө шлагбаумдардагы техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жолго коюу иштерин аткарышууда.

«Бир жуманын ичинде бул иштер толук кандуу бүтүп, жол ачылып, тейлөө башталат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кечээтен бери ЖМКларда жана социалдык желелерде Өзгөн айланма жолу ачылып, кайра жабылып калды деген маалыматтар тарап жаткан.

Мурунку макалаБишкектеги жаңы курулган ипотекалык үйлөрдүн өрт коопсуздугу текшерилди
Кийинки макалаСадыр Жапаров Караколдогу жаңыланып оңдолгон аскер бөлүгүнө барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз