Башкы бетке Маданият “Манас” эпосу күнү белгиленди

“Манас” эпосу күнү белгиленди

0
216

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 4-декабрь күнү “Манас” эпосунун күнү белгиленди. Иш-чарага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын төрайымы Динара Ашимова, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, коомдук жана саясий ишмерлер, студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

 Иш-чара 9 улуттун өкүлдөрүнүн манас айтуусу менен башталды. Маданият министри Алтынбек Максүтов алгачкы сөздү алып, бул саамалык менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

“Манас” үчилтиги дүйнөдө сейрек кездешкен поэтикалык эстелик катары өзгөчө орунда турат. Адамзат маданиятынын алтын казынасынын түркүгү “Илиада” менен “Одиссея” сыяктуу элибиздин жан дүйнө баалуулуктарынын жана акыл эсинин империясы, чексиз ойдун ченемсиз күчү болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигибиз элдик оозеки чыгармачылыктын теңдешсиз үлгүсү, улуттук адабиятыбыз менен кыргыз маданиятынын бийиктигин даңазалаган мамлекеттик мактаныч.  Кыргыз турмушунун эңциклопедиясына карата Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй улуу иштер жасалды. Атап айтсак, Манас театры ачылды, УТРК менен биргеликте “Манас” эпосун жайылтуу максатында Манас телетаймашы, Билим берүү министрлиги менен өткөрүлүп жаткан “Урааным Манас” долбоору калк катмарына кеңири жайылууда. Министрлик тарабынан дагы “Манас” эпосуна байланыштуу спектаклдер көрсөтүлүп жатат. Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен министрликтин байланышы аркылуу кол жазмалар фондунда сакталып турган варианттарды академик Абдылдажан Акматалиев менен жумурай журтка жеткирүүнү максат кылып жатабыз”, – деди министр.

Андан кийин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго сөз берилип, ал Президенттин куттуктоосун окуп берди.

“Манас” үчилтиги – Кыргыз мамлекет­түүлүгүнүн символу! Элибизди эркиндикке шыктандырып келген эпосубуз улутубуздун намысын ойготуп, биримдикке чакырып, ар кандай сыноолордо журтубузга тирек болуп, өлкөбүздүн эбегейсиз зор энчисине айланды.

Бүгүнкү Кыргызстан – дүйнөгө жаңыча мүнөз менен эшик ачкан, коңшулары менен тең ата сүйлөшүп, мамлекеттик принциптери, саясий эрки менен кыска аралыкта өнүгүүнүн жаңы экономикалык моделин көрсөткөн өлкө. Мындай мамлекетте негизги көңүл илим менен маданиятка бурулат.

Планетардык жазуучубуз Чыңгыз Айтматов жазгандай, байыркы кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кайрадан дүйнөгө даңазалоого убакыт келди, бар ибаратыбызды жайып, руханий дасмиябызды даңазалоого мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Дүйнө өзгөрүп, жасалма интеллект кеңири жайылып бара жаткан бүгүнкү кырдаалда элибиздин феномени менен гана улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап, элдүүлүгүбүздү бекемдей алабыз” деп айтылат Президенттин кайрылуусунда.

Андан кийин эл өкүлү Динара Ашимова “Манас” эпосун даңазалоодо Жогорку Кеңеште дагы алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты. Ал Жогорку Кеңештин ыраазычылык катын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан келген манасчыларга тапшырды.

Өлкөнүн маданиятына жана искусствосуна зор салым кошкон инсандар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.

Ал эми Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев: “Кылымдарды карыткан уюткулуу миң жылдарды карыткан турмуштук тажрыйбасы мол болгон улуу кыргыз элинин эне тили кут болуп уюп турат. Мына ушул куттун, улуулуктун, асылдыктын жалындары туташып өчпөй, замандан заманга, доордон доорго улуу жолду улап келаткан манасчылар кыргыз тилинин көрөңгөсүн байытуучулар! Мына ушул улуу манас күнүбүз кут болсун!”, – деди. Ошондой эле ал кыргыз тилин жайылтууга кошкон салымы үчүн “Кыргыз тил” төш белгиси менен сыйлады.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү Манас театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Маалымат үчүн: Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомунун негизинде белгиленген. Анын максаты – “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү болуп саналат.

“Манас” эпопеясы генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн баяндайт. Бүгүнкү күндө эпостун 80ден ашык варианты жазылып, Улуттук Илимдер Академиясынын фондунда сакталып турат.

“Манас” эпосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталып (2013), Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.

1994-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү бүткүл дүйнөлүк резолюциясын кабыл алып, 1995-жылы салтанат Талас облусунда өткөрүлгөн. «Манас-1000» алтын ордени, алтын медалы уюштурулуп 2 тарыхый-этнографиялык комплекс курулган.

Мурунку макалаЖалпы адамзатты ойлондурган – Жашыл экономика
Кийинки макалаШайлануу укугу: ашкере пайдаланган жокпузбу?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз