Башкы бетке Коом Улан Ниязбеков: «Милиция – калкыбыздын бейпилдигинин кепилдиги»

Улан Ниязбеков: «Милиция – калкыбыздын бейпилдигинин кепилдиги»

0
542

1-ноябрда кыргыз милициясы өзүнүн кылымдык мааракесин белгилеп жатат. Элге кызмат кылуунун, эр жүрөктүүлүктүн жана берилгендиктин кылымдык тарыхы – бул биздин өлкөдө адилеттүүлүк жана тартип
үчүн чексиз күрөштүн күбөсү.

Майрам алдында кабарчыбыз ички иштер министри Улан НИЯЗБЕКОВго суроолор менен кайрылды.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

– Улан Омоканович, азыркы учурда милицияга болгон элдин ишеними кандай?

– Эзелтеден бери биздин элибиз ар бир нерсеге калыс баасын берүүгө, ак менен караны айырмалап билүүгө жөндөмү бар жана өзгөчө асыл сапаттарга ээ экендигин жакшы билесиздер. Азыркы заманда, санарип тармагы ар бир үйдө колдонулуп жаткан мезгилде кандай гана маалыматтар болбосун өтө тездик менен эл арасына тарап, жарандарыбыз үйдөн чыкпастан өз баасын бере турган учурда жашап жатабыз. Ошондуктан, кайсы гана тармак болбосун элибиз туураны туура, жалганды жалган деп так айта алат.

Ички иштер министрлигинин жана анын аймактык түзүмдөрүнө да жалпы коомчулук өз баасын туура берет деп ишенем. Себеби, биздин багытыбыз элибиздин коопсуздугун камсыздоону ишке ашырып, эл менен тыгыз иш алып барган мамлекеттик орган болуп саналат. Бирок, биз элдин ишеними жакшы же жаман деп так кесе айта албайбыз. Себеби, Улуттук статистикалык комитети тарабынан бир жылда эки жолу “Элдин ишеним индексин” ар тараптан эсептеп, электен өткөрүп, жыйынтыгын чыгарып турат. Сурамжылоо тартиби менен ишке ашырылган эреже, көбүнесе чындыкка дал келет демекчимин.

Албетте, биз баарыбыз коюлган тапшырмаларды аткарып, элдин тынч жана коопсуз өлкөдө жашоосуна шарттарды түзүп, коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатып, мамлекет башчыбыздын, элдин ишеничин актоого милдеттүүбүз. Катардагы ар бир кызматкерден баштап, жетекчиге чейин өлкөнүн ички коопсуздугун сактап, элдин тынчтыгы үчүн берген антына бек туруп, сервистик тейлөөнү күчөтүп, коомчулуктун бардык катмарындагы жарандарга жеринде жардам бериши керек.  Ошондо гана жарандарыбыздын ишеничин актап, алкышын алабыз деген үмүттөмүн. Бул багыттарда биз иш алып барып, кызматкерлерибиздин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Таңкы нускамаларда кызматтык милдеттерин жана мыйзамдуулукту так сактоо, жарандар менен тыгыз иштешүү, кайрылууларга ыкчам жооп берүү боюнча эскертүүлөр берилүүдө.

Биздин ишмердүүлүгүбүзгө эң жогорку баа жарандардын ички иштер органдарына болгон ишеними. Ошондуктан, биз  бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин арттыргыдай кылып иштешибиз керек. ªлкө башчысынын тапшырмасы менен ИИМ жетекчилиги аймактарды кыдырып, жарандардын кайрылууларын угуп, мыйзам чегинде чечиле турганын айтып, көзөмөлгө алып келдик. Анын негизинде аймактардагы ички иштер органдарынын ар бир жетекчиси жарандар менен жолугушууларды өткөрүп туруулары, аларга отчетторду берүүлөрү милдеттендирилди.

Эң башкыны белгилеп кетким келет, 100 жыл аралыгында биздин милиция, калкыбыздын жай турмушун камсыздап, бейпилдиктин кепилдиги болууга жетише алды.

– Учурда ички иштер органдарында санарип тутуму кандай иштеп жатат?

– Бүгүнкү күндө ааламдашуу доорунда Ички иштер министрлиги дагы замандын талабына жараша ички иштер органдарын санариптештирүү багытында бир катар иштерди аткарды десем жаңылышпайм. Атайын күжүрмөн техникалардан баштап, тиешелүү санариптик технологияларга чейин белгиленген тартипте алып, иш жүзүндө колдонууга бердик. Мына ушул иш-аракеттердин баары, азыркы тапта өзүнүн жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат. Санириптештирүү багытында аткарылган эң негизги иштерге токтоло кетсем.

Катталган кылмыштуулук акыркы 3 жылда дээрлик 50 пайызга азайса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында дагы 17 пайызга азайды. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде зордуктоо, каракчылык, тоноочулук, уурулук, опуза талап, автотранспорт каражаттарын айдап качуу сыяктуу кылмыштардын саны кескин түрдө азайды. Ошол эле мезгилде, кылмыштын бетин ачуу, калыс чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына жөнөтүү ишмердиги жакшырды. Экстремизмди, мыйзамсыз миграцияны, баңгизаттарды аныктоо, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, алдамчылыктарга жана элдин жашоосуна терс кесепетин тийгизген кылмыштарга каршы аракеттенүү багыттарындагы иш-чаралар күчөтүлдү.

Санарип системасынын алкагында, баардык ички иштер органдары өз-ара аракеттенүү жүргүзүүсүнө жакшы шарттарды түзүп бердик. Ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү эмне жумуш алып барып жатышканын онлайн көзөмөлдөөгө, жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алууга багытталган “Санарип Жибек-Жолун” ишке киргиздик. Бул системанын алкагында, кылмышкер болобу же дайынсыз жоголгон адам болобу, алар боюнча бардык ички иштер бөлүмдөрү ошол замат маалымат алышып, аларды аныктап, табууга мүмкүндүктөр жаралды.

Учурда мамлекеттик тейлөөнү сапаттуу көрсөтүү жана ички иштер органдарынын  ишин санариптештирүү үчүн республиканын бардык аймагында “Бирдиктүү терезе” режиминде калкты тейлөө борборлору жана пункттары иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигине тиешелүү республика боюнча 46 “Бирдиктүү терезе” аталыштагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү атайын борборлору жана пункттары иш алып барууда. Кошумча ачылган борборлордун жардамы менен, алыскы айылдарда жашаган жарандар бир тактама алуу үчүн борборго же облустук борборлорго келип, узун кезекте туруп убара болуунун кажети жок. “Бирдиктүү терезе” аркылуу жарандын соттолгон же соттолбогондугун, автотранспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүү тактамаларын, жарандык жана кызматтык куралды, коркунучтуу жарылуучу материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензияларды жана уруксаттарды алуу боюнча документтерди берет.

Ички иштер министрлиги ишмердикти санариптештирүү иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү аймактардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, кооптуу участкаларга санарип видеокамераларды орнотуу багытында натыйжалуу иш-чараларды уюштурууга жетишип, азыркы убакта республика боюнча орнотулган видеокамералар   ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Аталган борбордо “Видеодубал” аттуу мультимедиалык жабдуулардын комплекси (мониторлор) орнотулуп, Кыргыз Республикасынын аймактарындагы ыкчам кырдаалды камералар аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

“Санарип күзөт” долбоорун ишке ашыруу максатында, ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулган күзөт пунктунда 2 видеодубал орнотулган. Ушундай эле видеодубалдар республика аймагындагы Күзөт башкармалык жана бөлүмдөрүнө
коюлууда. 2024-жылдын 9 ай ичинде ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнүн кармоо топторуна 50 бодикамералар берилип, орнотулган видеодубалдарга чыгарылды. Ошондой эле, кармоо топторунун автоунааларында орнотулган GPS-навигациясы да видео-дубалдарга чыгарылды. “Ыкчам күзөт” долбоорунун алкагында 25 даана планшет алынып, анын ичинен Бишкек шаардык күзөт бөлүктөрүнүн кармоо топтору үчүн 19 планшет ишке берилди (тестирлөө түрдө). Калган электрондук планшеттер Нарын, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаардык күзөт бөлүмдөрүнүн кармоо топторуна берилди.

Элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, жарандарды кабыл алууга бардык шарттары түзүлгөн 60 даана автоунаалары менен “Милициянын көчмө кабылдамалары” иш алып барып жатышат.

Милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу, керек болгон учурда операторлор аркылуу тез арада жардам жөнөтүү, мыйзам бузууларды видеофиксация-
лоо жана кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жайкы туристтик мезгилинде кызмат өтөөсүн көзөмөлдөө максатында 1602 даана төш видеокаттоочу сервердик жабдыгы менен алынып, Бишкек, Ош шаарларында толугу менен ишке кирди, ал эми Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жана жол көзөмөлдөө кызматкерлерине таратылып, алардын кызмат өтөөсү көзөмөлгө
алынды.

– Милиция кызматкерлерине түзүл- гөн шарттар боюнча эмне айта аласыз?

– Кайсы гана тармак болбосун, ошол тармактарда иштеп жаткан кызматкерлер мамлекет тарабынан камкордукка алынбаса, анда аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы да өз натыйжасын бербейт.

Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен милиция кызматкерлери социалдык жактан абдан жакшы камсыздалып келүүдө. Атап айтканда, кызматкерлердин айлык маянасы эки эсеге жогорулады, мурда 20-25 миң сом айлык алып иштеген кызматкерлер бүгүнкү күндө 45-50 миң сом айлык алышууда. Ал эми, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн кызматкерлердин айлык маянасы төрт эсеге жогорулады, тагыраак айтканда 85 миңден 110 миңге чейин айлык алып, жүктөлгөн милдеттерин аткарып жатышат. Турак жайга муктаж болгон кызматкерлерге былтыр Бишкек шаарында 216 батирлүү турак жайды эң арзан ипотекалык тартипте “Менин үйүм” программасынын алкагында берилди. Баткен облусунун Лейлек районунда Ички аскерлердин кызматкерлери үчүн “Аскер шаарчасын” куруп, ушул айдын башында ишке берип келдик.

Ал жерде кызмат өтөгөн кызматкерлер мындан ары акы төлөп батирге көчүп жүрбөстөн, үй-бүлөсү менен ошол Аскер шаарчасында жашоого мыкты шарттарды түзүп бердик.

Лейлек районунун Раззаков шаарында кызматкерлерге көп кабаттуу турак жайды куруп жатабыз. Жакында ачылышын жасап, өздүк курамды жайгаштырып келебиз. Аны менен бирге, ошол эле Баткен жергесинде баардык шарты менен милициянын заманбап аймактык пункттарын куруп, ишке бердик.

Милициянын аймактык пункттары бир жагында иштөөгө шарттар түзүлсө, экинчи жагында жашоого ыңгайлашып жасалган.

Жакында эле, 20-сентябрь күнү үй-бүлө куруп, түтүн булаткан биздин кызматкерлерди жайгаштырып, жергиликтүү эл менен жана кызмат өтөп жаткан жаш кызматкерлердин ата-энелери менен жолугушуп келдик.

Мындай саамалыктарды дагы улантып, жылдын аягына чейин башка региондордо ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз.

Аймактарда кызмат өтөгөн кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн, Ош шаарында иштеген кызматкерлердин балдарына бала бакчаны куруп, ушул айдын башында ишке бердик.

Ошондой эле дагы бир бала бакчаны Жалал-Абад шаарында ачып, ишке бердик.

Башкача айтканда, ички иштер органдарынын өздүк курамы социалдык жактан толугу менен камсыздалды деп айтсак болот.Бул камсыздоолор акыркы иш-чаралар эмес, келечекте дагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырабыз.

Алардын баарын, өлкө жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө, Министрлер Кабинетинин түздөн-түз көмөгү, эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы, эң негизгиси элибиздин колдоосу менен ишке ашыра беребиз демекчимин.

– Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата куттуктооңуз…

– Жакын арада кылымга тете элдин кызматында жүргөн милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленгени жатат. Учурдан пайдаланып, ички иштер органдарынын ардактуу ардагерлерин, өздүк курамды алдыда келе жаткан кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктагым келет. Сиздердин баарыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук, узун өмүр, күч-кубат, чексиз кайраттуулук жана көптөгөн ийгиликтерди каалайм!

 

 

Мурунку макала“Мейкинди” кимдер алмакчы?
Кийинки макалаБактияр ажы Токтогазы уулу: “Кыз тарапка берилген баалуу нерселердин бардыгы махр болуп эсептелет”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз