Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу планына кол коюлду

Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу планына кол коюлду

0
413

Кыргызстан менен Казакстандын саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Акмарал Алназарова кызматташуу планына кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо системасын заманбап чакырыктарга ыңгайлаштыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, кол коюлган планда белгиленген кызматташтык эки өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган көптөгөн багыттарды жана иш-чараларды камтыгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, планда биргелешкен илимий долбоорлорду, анын ичинде генетикалык изилдөөлөрдү жана саламаттыкты сактоого инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу каралган.

Мурунку макалаЖК комитетинде 2025-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору каралды
Кийинки макалаКыргызстанда логистика, транспорт жана кампа жабдууларынын I эл аралык көргөзмөcү өтүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз