Башкы бетке Илим Кыргызстандык Влад экинчи болду

Кыргызстандык Влад экинчи болду

0
581

Кыргызстандык веложарышчы Влад Подофедов Малайзияда өткөн ультрамарафондо экинчи орунду ээледи.

Ал 1500 километр аралыктагы Peninsular Divide  жарышында  Малайзиянын түштүк аймагынын эң четки чегинен баштап, түндүк аймагындагы эң акыркы чегине чейинки аралыктагы жарышта марага экинчи болуп келип, күмүш медаль тагынды. Ал аралыкты басып өтүү үчүн 99 саат 14 мүнөт же 4 күн, 3 саат, 14 мүнөт талап кылынган. Ал суткасына орто эсеп менен 364 километр жол жүрдү.

Марафондун жеңүүчүсү 94 саат 16 мүнөттүк жыйынтык менен Индонезиянын спортчусу болду.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы

Мурунку макалаАсылбаштан үчөө
Кийинки макалаКыргызстанда соцконтракт менен келишим түзгөн 34 жаран пайызсыз насыя алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз