Башкы бетке Коом Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 20 жылдыгы белгиленди

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин 20 жылдыгы белгиленди

0
433

25-октябрда Улуттук тарых музейинде Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык юбилейине арналган иш-чара болуп өттү. Ага  Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана  Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев катышты.

Мындан тышкары, мааракелик салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Администрациясынын кызматкерлери, Агенттиктин экс-директорлору, республиканын бардык аймактарынан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер келишти.

Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбыздын эмгегин баса белгилеп, бүгүнкү күндө бийлик тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коопсуздугун бекемдөөгө чоң салымын кошкон олуттуу реформалар жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.

Учурда президент Садыр Жапаровдун  «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, агенттиктин приоритеттүү  милдеттери  — мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, кадрлар резервин түзүү жана аларды тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу болуп саналат.

Тактап кетсек, аталган агенттик 2004-жылы 18-сентябрда түзүлүп,  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты өркүндөтүү боюнча  иштерди жүргузүп келишет.

 

Мурунку макалаУлуттук алгачкы гезитти колдогондорго рахмат!
Кийинки макала“Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз