Башкы бетке Рубрикасы жок Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти

0
562

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына жөнөп кетти.

Анда өлкө башчысы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров.

Мурунку макала“Кыргыз Туусунун” керегесин кеңейткендер
Кийинки макалаАКШ студенттер үчүн визанын мөөнөтүн узартат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз