Башкы бетке Коом Римде “Кыргызстан” паркы ачылды

Римде “Кыргызстан” паркы ачылды

0
393

3-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында Рим шаарында “Кыргызстан” паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.

Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Италиянын Министрлер кеңешинин төрайымы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Кийинки макалаСадыр Жапаров Италиянын Депутаттар палатасынын спикери менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз