Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров Илимдер академиясы менен Кардиология борборун оңдоо иштери менен таанышты

Акылбек Жапаров Илимдер академиясы менен Кардиология борборун оңдоо иштери менен таанышты

0
501

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясынын жана М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун оңдоо иштери менен таанышты.

Алгач Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Улуттук илимдер академиясында жүрүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты. Жалпысынан 29 миң чарчы метр имаратты жана сырткы көрүнүшүн жасалгалоо үчүн 497 млн сом каралган. Маалым болгондой, капиталдык оңдоо иштерин 2024-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүү тапшырмасы коюлган.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Жалпысынан 460 млн сомдон ашуун каражатка жасалып жаткан ремонт иштери, борбордун Бишкектеги жана Төө-Ашуу белиндеги имараттарында жүргүзүлүүдө.

Минкаб башчысы капиталдык ремонт иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Мурунку макалаНурланбек Шакиев мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды
Кийинки макалаАзык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз