Башкы бетке Маданият Беларуста биринчи жолу Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

Беларуста биринчи жолу Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

0
468

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тузүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 24-27-октябрь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул кыргыз-беларусь мамилелеринин тарыхында биринчи ирет болуп жатат.

Маданият күндөрүнүн программасында ар кандай маданий иш-чаралар каралган. Кыргыз кино күндөрү ачылып, көрүүчүлөр кыргыз режиссерлорунун заманбап фильмдерин көрө алышат.

Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын чагылдырган көркөм көргөзмө уюштурулат.

Иш-чарада илимий жана чыгармачылык интеллигенциянын форуму өткөрүлүп, эки өлкөнүн көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлери катышат. Программаны кыргыз искусствосунун устаттарынын гала-концерти жыйынтыктайт, ал Беларусь мамлекеттик филармониясында өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Беларусь мамлекетинин ортосунда маданий байланыштарды бекемдөөгө зор салым кошот.

Мурунку макалаСадыр Жапаров “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барды
Кийинки макалаТүркиядагы террактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз