Башкы бетке Коом Сокулуктагы 80 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулуктагы 80 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

0
518

Сокулук районундагы 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 1998-жылы “Мижас” дыйкан чарбасынын төрагасы М.И.Ж. тарабынан Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн 80 гектардан ашык (334 контур) жер үлүштөрү алынган. Бирок, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Мижас» дыйкан чарбасы аталган жер тилкесин пайдаланып, эч кандай укук белгилөөчү документтери жок, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, М.И.Ж. жер тилкесине ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алып, базар баасы 257 млн. 979 миң сомду түзгөн жер тилкесин өз ыктыяры менен айыл өкмөткө өткөрүп берди.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сөз сүйлөдү
Кийинки макалаАлдыда шайлоо: даярдык, саясий кырдаал кандай?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз