Башкы бетке Маданият Мамлекеттик тил күнүнө арналган маданий иш-чара өттү

Мамлекеттик тил күнүнө арналган маданий иш-чара өттү

0
638

Бишкектеги Чүй облустук Термечиков атындагы музыкалык драма жана сатира театрында “Өчпөс кыргыз тилинин доору” аттуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, маданий иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун Виктория Мозгачева, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, мэриянын билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, шаардын райондорунун билим берүү башкармалыктардын башчылары, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана мугалимдер катышты.

Мурунку макалаСадыр Жапаров бир катар чет мамлекеттердин сот тутумунун жетекчилерин кабыл алды
Кийинки макалаБалыкчы — Кочкор темир жолунун курулушу уланууда

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз