Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.
Р.А.Р. 2021-жылы Жогорку Кеңешке жумушка жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, мыйзамсыз ишке орношуп, эмгек акы жана бонустук төлөмдөрдү алып жүргөндүгү аныкталган. Учурда өлкө бюджетине келтирилген жалпы зыян такталууда.
Мындан тышкары, кармалган жаран ортомчулук кызматын көрсөтүп, ар кандай маселелерди чечкени үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык жолу менен жарандардын ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алып турган.


