Башкы бетке Илим Кыргызстан футбол курамасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилип калды

Кыргызстан футбол курамасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилип калды

0
564

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан — Өзбекстан футбол боюнча курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды. Оюн 2:3 эсебинде өзбекстандыктардын пайдасына чечилди.

Биринчи таймда таймаш 2:2 эсебинде аяктаган. Экинчи бөлүктө өзбек спортчулары эсепти жаңылап, «Ак шумкарлардын» дарбазасына гол киргизди.

Буга чейин 5-сентябрда 1-турдагы оюнда Кыргызстандын футболчулары Иранга барып, улуттук курамасы менен беттешкен. Анда ирандыктар жеңишке жетишкен.

Эми октябрда кыргызстандыктар дагы эки оюн өткөрөт. Алгач Катар менен, андан соң Бишкекте Түндүк Кореянын курамасы менен ойнойт. Кыргызстан БАЭге каршы оюн менен 1-айлампаны жабат.

19-ноябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Иранга каршы оюн менен экинчи айлампаны баштайт. Калган 4 оюн 2025-жылдын март жана июнь айларында болот.

Белгилей кетсек, жалпысынан 18 команда 3 топко бөлүнгөн.

Кыргызстандын курамасы Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея менен А тайпасында жайгашкан.

Үчүнчү раундда ар бир команда 10 оюн өткөрөт. Анын жыйынтыгы боюнча, тайпаларда 1-2-орунду алган командалар дүйнөлүк чемпионатка катышат. 3-4-орунга ээ болгондор дүйнө чемпионатынын 4-раундунда жолдомо үчүн күч сынашат. 5-6-орунду алгандар тандоо турларындагы оюндарын жыйынтыктайт.

Мурунку макалаСадыр Жапаров №59 “Баластан” бала бакчасына барды
Кийинки макалаСадыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол беттешине катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз