Башкы бетке Илим Көчмөндөр оюну-2024. Кыргызстандын куржунунда 14 медаль бар

Көчмөндөр оюну-2024. Кыргызстандын куржунунда 14 медаль бар

0
566

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы мелдештердин экинчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы медалдардын саны боюнча 2-орунда келе жатат.

Кыргызстандыктар жалпысынан 14 медаль жеңди: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло.

Жаа атуудан Исхак Токонов үчүнчү орунду ээледи, Асел Садырова экинчи орунду багындырды.

Казак күрөшүнөн Байбол Саламат уулу 66 кг салмакта 3-орунду алды, Кемал Оболбеков (55кг) – 2-орунду, Луиза Асакеева (48 кг) – 2-орунду ээледи.

Өзбек күрөшүнөн Ажар Исаева (70 кг) – 3-орунду, Бекболот Токтогонов (+100 кг) – 1-орунду алды.

Мас-рестлингде (таяк тартыш) Элза Абдыкадырова (55 кг) менен Уланбек Тургунбаев (65 кг) алтын утту, Бекмырза Токтошев (70 кг) менен Элдос Айтбаев (80 кг) – күмүш медаль тагынды.

Ат үстүндө күрөштөн Жекшенбек Турдубеков (60 кг) менен Райхан Бактыгул уулу (70 кг) күмүш медаль жеңсе, 3-орду Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) ээледи.

Мындан сырткары, ата мекендик спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.

Ошондой эле, чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.

Мурунку макалаБактыгүл Чотурова: «Кыргыз Туусу» — элдин тарыхын, тамырын кармап келе жаткан басылма»
Кийинки макалаПаралимпиадачыларды өкмөт өкүлдөрү «Манас» аэропортунан тосуп алышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз