Башкы бетке Рубрикасы жок Бишкекте балдардын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган мурал пайда болду

Бишкекте балдардын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган мурал пайда болду

0
485

Бишкекте балдардын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган мурал пайда болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында №21 орто мектептин дубалында жаңы мурал салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чара билим күнүнө карата уюштурулду. Дубалдагы сүрөт коомчулуктун көңүлүн жаш мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулугун арттырууга жана китепке болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө бурдуруу максатын көздөйт.

USAID`дин “Окуу керемет!” долбоору Кыргызстанда башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор республика боюнча 1679 мектепте ишке ашырылууда.

Мурунку макалаПрезидент “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышына байланыштуу кайрылуу жасады
Кийинки макалаБир жумада мас абалында унаа башкарган 259 айдоочу аныкталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз