Башкы бетке Коом Бишкекте 31-августта атамекендик продукциялардын жарманкеси өтөт

Бишкекте 31-августта атамекендик продукциялардын жарманкеси өтөт

0
438

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган атамекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

Анда тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.

Көргөзмө-жарманкеде 100дөн ашуун атамекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мурунку макалаНарында ири бетон заводу ишке киргизилет
Кийинки макалаСоцконтракт боюнча 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя бериле баштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз