Башкы бетке Рубрикасы жок Сентябрда мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

Сентябрда мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет

0
494

Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология, география, информатика) сабак берген мугалимдерге берилет.

“Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми республика боюнча 90 миңге жакын мугалимди алдыдагы жылдары толугу менен ноутбук менен камсыздоо планы коюлууда. Ошондой эле өлкөдөгү 1,5 млн. окуучуну электрондук китептер менен жабдуу үчүн ноутбуктарды берүү маселеси турат”, – деди ал.

Мурунку макалаКара-Көл шаарынын мэри алмашты
Кийинки макалаАкылбек Жапаров “Эл үмүтү” стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз