Башкы бетке Коом Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди

0
387

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, авиакомпания жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Буга байланыштуу атайын мобилдик тиркемесин иштеп чыкты, аны жарандар көчүрүп алып, каттамдар жана билеттин баалары тууралуу маалымат алса болот.

«Мамлекеттик “Асман аба жолдору” авиакомпаниясына сатып алынган алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак сентябрь айынын башында келет. Экинчи учак ушул жылдын октябрь айында, кийинкиси 2025-жылдын жазында каттамга коюлат», — деди ал.

Белгилей кетсек, авиакомпаниянын тиркемесинде билеттин баалары 2 миң сомдон башталат. Ички каттамдар боюнча учактар Жалал-Абад, Талас, Ош, Бишкек, Раззаков, Казарман, Баткенге учат.

Мурунку макалаКыргызстанда 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат
Кийинки макалаАйгүл Жапарова Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда сөз сүйлөдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз