Башкы бетке Рубрикасы жок Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өттү

Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өттү

0
390

Баткен шаарында 11-17-август аралыгында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү.

Министрлер Кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Мурунку макалаДепутат Акылбек Түмөнбаев Түп районун кыдырды
Кийинки макалаЭдиль Байсалов Сингапурдун мектептик билим берүү системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз