Башкы бетке Министрлер кабинети Баткендин үч районун сел каптады

Баткендин үч районун сел каптады

0
1166

 Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Миңден ашык адам коопсуз аймакка көчүрүлдү. Сел 5 жашар бөбөктүн өмүрүн алды. Суу 47 үйдү, 5 соцобъектини, 5 трансформаторду каптап, 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

 

Мурунку макалаТИМ кыргызстандыктарды убактылуу Израиль жана Ливанга барбай турууну эскертет
Кийинки макалаАлматыда келин аттракциондон боюн таштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз