Башкы бетке Рубрикасы жок Сентябрда Кара-Көлдө 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Сентябрда Кара-Көлдө 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

0
525

Жаңы окуу жылында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Рамзан Компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Объекттин курулуш наркы 136 млн сомго бааланган. Долбоор боюнча 3-кабаттуу окуу корпус жер төлөөсү менен спорттук зал, актовый зал, ашкана, өтмө галерея, сырткы ажаткана, откана куруу каралган. Мектептин жалпы аянты 4160 чарчы метрди түзөт.

«Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 97 пайызы бүткөрүлүп, учурда айланасын көрктөндүрүү жумушу жүргүзүлүүдө. Окуу жылдын башталашына карата пайдаланууга берүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаАбсаттар Сыргабаев Чүйдөгү көпүрөнүн курулуш иштери менен таанышты
Кийинки макалаДепутат Акылбек Түмөнбаев Түп районун кыдырды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз