Башкы бетке Рубрикасы жок Сузакта курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт

Сузакта курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт

0
518

Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуштун наркы 27 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча бир кабаттуу имарат, ашкана, откана, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана жана оюн аянтчасы менен куруу каралган. Курулуш-монтаждоо иштери “Мастер строй” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Мурунку макалаБайышбек Астанакулов Талас шаарынын мэри болуп дайындалды
Кийинки макалаБишкекте мектеп жана бала бакчалардын директорлору менен жолугушуулар өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз