Башкы бетке Маданият Максүтов «Царица» вокалдык шоусуна катышып жаткан Бегимай Турусбекова менен жолукту

Максүтов «Царица» вокалдык шоусуна катышып жаткан Бегимай Турусбекова менен жолукту

0
430

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Россиянын «Пятница» телеканалынын «Царица» вокалдык шоусуна катышып жаткан  ырчы Бегимай Турусбекованы  кабыл алды.

Алтынбек Максүтов Бегимайга эл аралык аренада ийгилик жараткандыгы менен куттуктап, Кыргызстанды таанытып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр улуттук өнөрдү жайылтуу жана кыргызстандык жаштарды шыктандыруу үчүн мындай чыгармалардын маанилүү экендигин белгиледи.

Бегимай Турусбекова министрликке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, долбоорго катышуу тажрыйбасын жана көп сандаган аудиториянын алдында кыргызстандын атын чыгарып жатканынынын маанилүүгүн белгиледи.

Ал эми «Пятница» телеканалынын тартуу тобунун өкүлдөрү министрге жылуу кабыл алып жана долбоорго көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын маданияты көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратарын белгилешти.

Мурунку макалаКүн сайын 3-балдар ооруканасына 400-500 бала кайрылат
Кийинки макалаКыргызстанда жыл башынан бери 47 миң 576 жаранга пенсия чектелди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз