Башкы бетке Илим Самбо боюнча дүйнө чемпионатынан кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

Самбо боюнча дүйнө чемпионатынан кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

0
484

Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти.

64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи.

Спорттук самбо боюнча 88 кг чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана Фарух Мамаджанов, +98 кг чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов коло медалга ээ болушту.

Кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.

Бүгүн, 16-август күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 64, 79, 98 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 58, 71, 88, +98 кг чейинки салмак категориясында спортчулар килемге чыгат.

Кыз-келиндер арасында спорттук самбо боюнча 50 жана 80 кг чейинки салмакта, күжүрмөн самбо боюнча 54, 59, 65, 72, 80 кг чейинки салмакта беттештер өтөт.

Спорттук самбо (эркектер арасында):

— 64 кг Бексултан Бердибеков, Адилет Кубаныч уулу;
— 79 кг Айдос Алиев, Байэл Жакшылыков;
98 кг Артур Сансызбеков, Шахрёр Идирисов;

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында):

— 58 кг Даниэл Асеков, Мурзабек Үсөн уулу;
— 71 кг Курманбек Замирбек уулу, Шерзат Кудайбердиев;
— 88 кг Бектен Эркебай уулу, Бектур Идирисов;
— +98 кг Талас Нуралиев, Эмилбек Расулов;

Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында);

— 50 кг Айзада Жаналиева, Канышай Аманкулова;

Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында):

— 54 кг Акак Үсөн кызы, Аяна Рыскулбекова;
— 59 кг Бегимай Акбалаева;
— 72 кг Мээримай Нурадиллва.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда

Мурунку макалаАймактарда автобекеттерди оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
Кийинки макалаБаткенде 90 жаштагы энеге үй куруп беришти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз