Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров А.Тыныбекованы коло медаль утушу менен куттуктады

Садыр Жапаров А.Тыныбекованы коло медаль утушу менен куттуктады

0
516

Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы Париж Олимпиадасында коло медаль утушу менен куттуктады.

“Биз сиз жана сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Себеби эгемендик жылдарында эркин күрөштү, айрыкча, кыздар арасындагы күрөштү жандандыруунун, улантуунун, өнүктүрүүнүн сап башында турдуңуз, канчалаган кыргыз кыздарынын кумири болдуңуз. Эл аралык деңгээлде далай-далай ийгиликтерди жаратып, тирүү легендага айландыңыз… Башыңызды ылдый салбаңыз, мүңкүрөбөңүз! Баш байгени ала албай калдым деп кечирим да сурабаңыз. Сиз кыргыз элинин алдыда жасай турган милдетиңизди эчак эле ашыгы менен жасагансыз, эч кандай карыздар эмессиз!” — деди президент.

Тыныбекова маанайы жакшы, күрөштүн жыйынтыгына өзү ыраазы болгонун билдирген жана жаракаттан улам, негизинен “бир буту менен күрөшкөнүн” билдирген.

Ал бутундагы таңууну Олимпиада алдында гана чечип, бир нече күндөн кийин Парижге таймашка жөнөп кеткенин айтып берген.

Мурунку макалаАйсулуу Тыныбекова америкалык атаандашын утуп, жарым финалга өттү
Кийинки макалаПрезидент Мунарбек Сейитбек уулун күмүш медаль утушу менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз