Башкы бетке Илим Амантур Исмаилов жарым финалга чыга албай калды

Амантур Исмаилов жарым финалга чыга албай калды

0
440

Кыргызстандык спортчу Амантур Исмаилов Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга албай калды.

Амантур Исмаилов 67 килограмм салмак ченинде чейрек финалда украиналык Парвиз Насибов менен беттешти. Күрөш 7:6 эсебинде жыйынтыкталып, Амантур Исмаилов жеңилүү ызасын тартты.

Буга чейин ал 1/8 финалдагы беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзени 12:1 эсебинде уткан болчу.

Эгер Насибов финалга чыкса, Исмаилов эртең коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймаша алат.

Мурунку макалаБеларусь менен билим берүү тармагындагы кызматташтык тереңдейт
Кийинки макалаПрезидент М.Жуманазарованы күмүш медаль утушу менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз