Башкы бетке Рубрикасы жок Беларусь менен билим берүү тармагындагы кызматташтык тереңдейт

Беларусь менен билим берүү тармагындагы кызматташтык тереңдейт

0
518

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун билим берүү министри Андрей Иванец менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Элчи Эрбол Султанбаев эки өлкөнүн билим берүү системаларынын потенциалын эске алып, бул жаатта өз ара кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Буга байланыштуу ал Беларустун жогорку окуу жайларында, анын ичинде технологиялык жана IT адистиктери боюнча кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушууда тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен бул багыттагы иштерди активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мурунку макалаАмантур Исмаилов биринчи беттешин жеңиш менен жыйынтыктады
Кийинки макалаАмантур Исмаилов жарым финалга чыга албай калды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз