Башкы бетке Рубрикасы жок Гепатитти дарылоо акысыз

Гепатитти дарылоо акысыз

0
562

Кыргызстанда гепатит ооруларына каршы күрөшүү боюнча 10 күндүк жүрүүдө. Иш-чара 28-июль – Бүткүл дүйнөлүк гепатитке каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулду. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймагында элдин аталган оору тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева: «Учурда Кыргызстанда гепатиттин калк арасында таралуу масштабына баа берүүгө жана жуктуруунун негизги тобокелдиктерин аныктоо максатында серологиялык изилдөө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн 6 миңден ашык үй-чарбасы тандалып алынган. Изилдөөгө 5 жаштан 17 жашка чейинки балдар жана 18 жаштан жогорку курактагы чоңдор катышып жатат», – дейт.

Бүбүжан Арыкбаева 2024-жылга өлкөдө оорунун алдын алуунун алкагында 100 млн. сомго экспресс-тесттер, вакцина, тест-системалар жана дары-дармектер сатып алынганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, гепатит – бул кан аркылуу жугуучу оору. Кыргызстанда аталган ооруга каршы вакциналар жана ооруну аныктоо үчүн бардык анализдер жана дарылоо акысыз болуп эсептелет.

 

Мурунку макалаДарыгер Чынара САТАРОВА: “Көк жөтөл өтүшүп кетсе бронхит, пневмония жана плеврит ооруларын жаратат”
Кийинки макалаГинекологиялык ооруларды дарылоо жакшырат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз