Башкы бетке Министрлер кабинети Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды

0
484

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, тергөөнүн жүрүшүндө К.Б. аттуу нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин жеткен.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Мурунку макалаК.Ташиев Д.Өмүрзаков стадионунун реконструкция иштери менен таанышты
Кийинки макалаБишкекте бүгүндөн тарта №118 автобус каттай баштайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз