Башкы бетке Илим К.Ташиев Д.Өмүрзаков стадионунун реконструкция иштери менен таанышты

К.Ташиев Д.Өмүрзаков стадионунун реконструкция иштери менен таанышты

0
490

Кечээ Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы Бишкек шаарынын башкы спорттук аренасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков катышты.

Камчыбек Ташиев капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, оюн талаасынын абалын, трибуна алдында жайгашкан бөлмөлөрдү карап чыкты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрынан тарта аталган стадиондо футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү турунун беттештери өтө баштайт. Ошондуктан стадиондун оңдоо иштери ыкчамдык менен жүргүзүлүүдө.

Мурунку макалаЖаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берүү боюнча санариптик долбоор ишке кирди
Кийинки макалаЭне жана баланы коргоо улуттук борборунда коррупция аныкталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз