Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров: «Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек»

А.Жапаров: «Кыргызстан 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек»

1
1076

«2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик». Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди.

“Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд. долларга жеткен ИДПга жетүү негизги максат болот. Ал үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 10-12%деңгээлинде кармап туруу зарыл. Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан жан башына ИДП көрсөткүчү боюнча ишенимдүү түрдө көтөрүлүп, 2030-жылга чейин кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кирешеси ортодон төмөн өлкөнүн абалынан чыгышы мүмкүн. Өнүгүү программасы ушул сандарды эске алуу менен түзүлөт”, — деди Акылбек Жапаров.

Мурунку макала«Манас» эл аралык аэропорту 6 айда 3 млрд. сомго чукул киреше тапкан
Кийинки макалаЫсык-Көлдө “Салбуурун” фестивалы өтөт

1 КОММЕНТАРИЙ

Добавить комментарий для Роза Жоопту жокко чыгаруу

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз