Башкы бетке Рубрикасы жок «Алтынкен» компаниясы Кемин районунун коомдук турмушунун активдүү катышуучусу

«Алтынкен» компаниясы Кемин районунун коомдук турмушунун активдүү катышуучусу

0
576

Үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда «Алтынкен» компаниясы Кемин районуна караштуу Боролдой айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөгө жаңы турак жайды салтанаттуу тапшырууга арналган кайрымдуулук марафонуна катышты.

Кемин районуна караштуу Боролдой орто мектебинин 2000-жылкы бүтүрүүчүлөрү өз каражаттарына мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашына үй куруп беришкен.

Конуш майрамына карата Боролдой айылына көптөгөн камкор адамдар өздөрүнүн белектерин алып келишти.

Алардын арасында «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү да болуп, жаңы конуштун ээсине бир кап ун, кант, макарон, чай, жемиштерди тартуулашты.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, «Алтынкен» компаниясы Кемин районунда элдин жыргалчылыгы үчүн өткөрүлүп жаткан ар кандай кайрымдуулук акцияларына катышууга дайым даяр экендигин баса белгилеп кеткибиз келет.

Себеби, компания Кемин районунун тургундарынын турмуштун сыноосуна кабылып жардамга муктаж болгон жарандарынан жардамын аябай келет.

Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА
“Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаМосквадагы “Кыргызстан”
Кийинки макалаСадыр Жапаров Токмоктогу унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводго барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз