Башкы бетке Рубрикасы жок Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү

0
604

Бүгүн Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүлдү.

Муфтияттан билдиришкендей, Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ош– Ноокат жолунда мал союп түлөө өткөрүп, эл-журттун амандыгын тилеп дуба кылышты.

«Бул жылы Ноокат районунун тургундары үчүн тилсиз жоодон улам оор сыноолор келип, көпчүлүктү кайгыга салды. Эзелтен ата-бабаларыбыз мындай учурларда Жаратканга дуба кылып, эл-журттун амандыгы үчүн түлөө өткөрүшчү. Биз да Ош – Ноокат жолунда түлөө өткөрүп, жол кырсыгы жана башка апааттардан алыс болуу үчүн дуба кылдык. Аллахым дубаларыбызды кабыл кылсын», — деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган Ош — Ноокат жолунда бир канча жолу сел жүрүп, айрым жерлерде үйлөргө чейин сел каптап, оор жоготууларга дуушар болушкан.

Мурунку макалаЭдил Байсалов Баткен облусунун эли менен жолугат
Кийинки макалаАдылбек Касымалиев Талас облусунун тургундары менен жолугат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз