Башкы бетке Коом Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Ферганада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу өттү

0
524

Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунан 27-июлуна чейин Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерин карашты.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда изилдөө иштери жүргүзүлдү, тагыраагы изилдөө иштери Кыргызстандын Жалал-Абад жана Баткен облустарын, ошондой эле Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарын камтыды.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жумушчу топтордун кийинки отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.

Мурунку макалаКыргызстанда балдардын сөөк чучугун алмаштыруу операциясы август айында жасалат
Кийинки макалаКыргыз жарандарынын Россияга кирүү маселеси талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз