Башкы бетке Рубрикасы жок Байтик айылында керамикалык кыш заводу ишке кирди

Байтик айылында керамикалык кыш заводу ишке кирди

0
582

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында «Байтик курулуш» аталышындагы керамикалык кыш заводунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 150 миң кышты түзүп, учурда 50дөн ашуун адам эмгектенет. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 млн. АКШ долларды түзүп, өндүрүштүн жалпы аянты 8 000 чарчы метрди түзөт.

Иш-чарага Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков, Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мурунку макалаЫсык-Көл облусундагы соцобъекттердин курулушунун жүрүшү текшерилди
Кийинки макалаА.Бейшеналиев: «Өлкө боюнча 84 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз