Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан 15 соток жер тилкесине “Кыргыз милициясына 100 жыл” аталышындагы аллеясынын ачылышы өттү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиевдин жана мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда болду.
Токтоналиев өз сөзүндө, аталган аллеяны борборубуздун эс алуучу жерлерин көбөйтүү максатында, өздүк курамдын күчү менен курулгандыгын баса белгилеп, “Жашыл шаар” деген ат менен таанылган борборубузду, жайкалган жашыл көрүнүшүнө алып келүүгө ниет кылганын жана бул аракеттерди жалпы мекендештерибизден, айрыкча борбор калаа тургундарынан ар тараптуу колдоо күтөөрүнө ишеним артты.
Белгилей кетсек, аллеянын курулуш иштери 2024-жылдын жаз мезгилинде башталып, иштин жүрүшүндө, отургучтар, кечки жарыктар орнотулуп жана 100 даана бак-дарактар отургузулган.


