Башкы бетке Рубрикасы жок Эл аралык математикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Эл аралык математикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

0
558

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 65-эл аралык математикалык олимпиадада ийгилик жараткан Кыргызстандын курама командасын сыйлады.

Догдуркүл Кендирбаева алар жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, Министрликтин ыраазычылык катын жана ноутбуктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар бир алтын, 3 күмүш жана 2 ардак грамотага ээ болуп, командалык эсепте 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээлеген. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирген.

Мурунку макалаКыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү
Кийинки макалаСадыр Жапаров Олимпиада оюндарынын расмий ачылышна катышуу үчүн Парижге барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз