Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти

Садыр Жапаров Парижге жөнөп кетти

0
729

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Франциянын Париж шаарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

Мурунку макалаА.Жапаров: “2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 млрд. долларга жеткирүү керек”
Кийинки макалаОштогу сел каптоо боюнча 4 экс-чиновник камалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз