Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Ташкенттеги Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

Садыр Жапаров Ташкенттеги Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

0
956

Президент Садыр Жапаров кечээ, 19-июлда Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкенттеги “Янги Узбекистон” паркындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Эстелик 2021-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тургузулган. Монумент өзбек элинин байыркы тарыхын, белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, полководец жана илимпоздордун сүрөттөрүн чагылдырат.

Эстеликтин алдыңкы бөлүгүндө көк купол, ал эми күмбөздүн астында өзбек элинин үч миң жылдык тарыхын хронологиясы менен сүрөттөгөн рельефтик дубал жайгашкан. Рельефтик дубалда өзбек элинин биздин заманга чейинки терең тарыхы кыскача баяндалган.

Мурунку макалаКыргызстан менен Өзбекстандын президенттери ЖМКга билдирүү жасашты
Кийинки макалаТашкентте Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз