Башкы бетке Рубрикасы жок “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

0
954

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам КР министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле алардын стандарттарын бекитүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат, аларга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин тутумдаштыруу жана түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия институту жокко чыгарылууда жана анын ыйгарым укуктары КР министрлер кабинетине жүктөлүүдө.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Катардын элчисин кабыл алды
Кийинки макалаСадыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы заводдо унаа чыгарууга старт берет

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз