Башкы бетке Рубрикасы жок Ош шаарында президенттин тапшырмасы менен түлөө өткөрүлдү

Ош шаарында президенттин тапшырмасы менен түлөө өткөрүлдү

0
1064

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сел кырсыгына байланыштуу Ош шаарында түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Иш-чарага табият кырсыгы менен жеринен таанышуу үчүн барган Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, элге, жерге аманчылык тилеп, жакшылыктарды каалады.

«Жерибиз титиребесин, элибиз битиребесин, Кудай ушундай апааттардан, жаратылыш кырсыктарынан, күтүлбөй келген жамандыктан сактасын. Мындан ары элибизде жакшылыктар болсун!», — деди ал чогулгандарга сүйлөп жатып.

Мурунку макалаБакыт Төрөбаев Кытайдан келген делегация менен жолукту
Кийинки макалаАкжол Махмудов Париж Олимпиадасында Кыргызстан командасынын капитаны болду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз