Башкы бетке Рубрикасы жок Баткенде 150 гектар айыл чарба жери турак жай курууга бөлүндү

Баткенде 150 гектар айыл чарба жери турак жай курууга бөлүндү

0
19

Баткен районунда 150 гектар айыл чарба жери турак жай курууга бөлүнгөн. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документке ылайык, Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы мамлекеттик менчиктеги жер тилкелери «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулат. Бул Кожо жана Алыш айылдарынын аймактарын кеңейтүү максатында жасалып жатат.

150 гектардын 147,1 гектары жайыт болсо, дагы 2,9 гектары дарыянын нугунда. Жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформацияланууда.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына жер участогун каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, жер тилкелеринин шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

 

Мурунку макалаКүрөштүн жаңы этабы
Кийинки макалаТарыхый өзгөрүүлөрдүн мезгили

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз