Башкы бетке Илим Париж олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрөт

Париж олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрөт

0
1032

Париж олимпиадасынын ачылышында Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрөт.

Париждеги Жайкы олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу аттанууда. Алардын ону балбандар (күрөш), эки дзюдочу, эки суучул, бир жеңил атлетчи жана бир мушкер (бокс). Алгачкы топ Парижге 22-23-июлда учуп кетишет. Башкалар жадыбалга жараша барат.

XXXIII Жайкы олимпиаданын ачылышы Франциянын баш калаасында 24-июлда болот. Эл аралык таймаштар 11-августка чейин уланат.

Мурунку макалаОшто сел агызып кеткен эже-сиңдинин сөөгү табылды
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев Кытайдан келген делегация менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз