Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев: «Адам өмүрү баарынан кымбат, алдын алуу иштерин күчөтүү керек»

Нурланбек Шакиев: «Адам өмүрү баарынан кымбат, алдын алуу иштерин күчөтүү керек»

0
1104

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош шаарында катталган селге байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Өлкөбүздүн экинчи борбор калаасы аталган Ош шаарында катталган сел кырсыгы көпчүлүктү бушайманга салды. Селден улам каза болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу менен жабыркагандарга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүшү керек», – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле ал аба ырайынын туруксуздугунан улам жалпы өлкө аймагында сел кырсыктары арбын катталып жатканына токтолду.

«Кырсык айттырып келбейт. Бирок алдын-алуу иштерин күчөтүп, жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Дарыялардын жээктерин бекемдеп, ар кандай курулмаларды курууда коопсуздук эске алынышы шарт. Себеби, адам өмүрү баарынан кымбат», – деп кошумчалады ал өзүнүн карылуусунда.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Оштогу сел алып кеткен базардын соодагерлери менен жолукту
Кийинки макалаОшто сел агызып кеткен эже-сиңдинин сөөгү табылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз