Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди

Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имараты ишке берилди

0
986

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл райондук ветеринардык башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, курулуш үчүн Чолпон-Ата шаардык мэриясы 1300 чарчы метр жер тилкесин акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берген. Курулушка министрлер кабинети 6 млн. сом, ал эми Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 2,5 млн. сом бөлгөн.

Эки кабаттуу административдик имараттын жалпы аянты 972 чарчы метр. Бул жерде ветеринардык кызматкерлерди окутуу жана түрдүү семинарларды өткөрүү үчүн 80 орундуу жыйындар залы жана ветеринардык клиника бар.

Учурда райондук ветеринардык башкармалыкта 17 кызматкер жана келишимдин негизинде иштеген 33 адис эмгектенүүдө.

 

Мурунку макалаСадыр Жапаров АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салууну айыптады
Кийинки макалаБаткен менен Ошто бир катар унаа жолдор жабык

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз