Сентябрь айында Казакстанда өтүүчү Дүйнөлүк V Көчмөндөр оюндары болот. Буга байланыштуу күлүк аттарды тандоо максатында, 300 чакырымдык ат чабыш өтөт. Ат чабыш 17-июлдан 20-июлга чейин созулат. Мелдеш Ата-Бейит мемориалдык комплексинен башталып, 4 күндөн соң Байтик айылында жыйынтыкталмакчы.
“17-июлда Ата-Бейит мемориалдык комплексинен эртең мененки саат 08:00дө старт берилет. Аттар Арчалы, Асылбаш айылдары аркылуу тоо этектеп келип, Белек айылына жеткенде, 35 чакырымды басып өткөндө токтоп, бир саат тыныгып, ветеринардык көзөмөлдөн өтүшөт. Аттар кайра Белек – Белогорка – Асылбаш айылынан чабылып, 70 километрде текшерилгенге токтоп, түнөшөт. Экинчи күнү Асылбаштан таңкы алтыда аттар кое берилип, 70 чакырымды чуркап өткөндөн кийин Кайыңдыга жеткенде түнөшөт. 3-күнү Кайыңдыдан кайра артка Беловодск айылына чейин келишет. 20-июлда Беловодск айылынан Байтик айылына келип токтошот”, – дейт мелдештин уюштуруучусу Жаныбек Дүйшөбаев.
300 чакырымга чабылган аттардын ичинен марага жетип келгендери Казакстанда сентябрь айында өтө турган Дүйнєлүк V Көчмөндөр оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 10 аттан куралган эки команда Павлодардан Астанага чейинки 500 чакырым аралыкты беш күндө басып өтүүсү керек болот.
“Бизде узак аралыкка аттарды чабуу боюнча тажрыйба бар. 2022-жылы Ата-Бейиттен Чолпон-Атадагы ипподромго чейин 250 чакырым чуркатканбыз. Боом капчыгайы аркылуу өтүп, жолдон түнөп, 4 күндө Ысык-Көлгө жеткенбиз. Жайлоолорго барып, ашууларды ашып жүргөн аттар Кыргызстанда көп. Ошол аттар менен айыл тургундары да катышса болот. Чабандестин жаш курагы 18 жаштан өйдө болуп жаткандыктан, каалоочулардын бардыгы келсе болот. Биздин аттардын ичинен жакшы аттарды калыстар, ветеринарлар тандап, Кыргызстандын атынан катыштырууга жөнөтүлөт. Мелдешке 6 жаштан жогору аттар чабылат”, – дейт Ж. Дүйшөбаев.
Спорттун улуттук оюндар түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу ат чабыштын байге фондусуна мамлекет тарабынан
2 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди. Анын айтымында, ат чабыштын катышуучуларын тез жардам, ӨКМ кызматкерлери, ветеринарлар коштоп жүрөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого милиция көмөктөшөт.
Кыргызстандын ат спорту жана ат чабыш федерациясынын вице-президенти Манас Султанов өлкөдөгү бул мелдеште тандалчу аттар өлкө намысын коргоп, Астанада байгелүү орунду багындырып келерине үмүт артылып жатканын кошумчалады.
Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


