Башкы бетке Коом Н.Орунтаев Асман шаарынын курулушу кайсы этапка келгенин айтып берди

Н.Орунтаев Асман шаарынын курулушу кайсы этапка келгенин айтып берди

0
1186

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Асман шаарынын курулушу кайсы этапка келгени тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кандайдыр бир объектти куруунун алдында долбоорлоо процесси болот. Инвесторлор долбоорду даярдап, президент Садыр Жапаров шаардын курулушуна капсула салып, иш башталды.

“Мен шаар курулат деп ишенем. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат. Бизде инвестиция бар. Инвесторлор азыртан эле инвестиция сала башташты. Бул долбоорго көптөгөн инвесторлор кызыкдар, демек акча да бар”, – деп билдирди Орунтаев.

Шаар канча убакытка курулуп бүтөт деген суроого Мамкурулуштун жетекчиси бул көп жылдык курулуш экенин белгилеп, азырынча аяктоо мөөнөтүн айта албасын белгиледи.

“Ал жерде ондогон имараттар курулат. Бул узак мөөнөттүү курулуш болгондуктан, азырынча мөөнөтү жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Балким 10 жыл, балким 20 жылдыр, бирок иш уланып жатат. Азыр жер тилкелерин бөлүштүрүү, пландоо, инженердик курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат, келечекте имараттардын өздөрү курула баштайт”, – деди ал.

Мурунку макалаЖеневада “Манас” жана Чыңгыз Айтматов” көргөзмөсү өтүп жатат
Кийинки макалаБишкекте №4 троллейбустук каттамдын ордуна автобус жүрө баштады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз