Башкы бетке Рубрикасы жок Араванда 9 ирригациялык скважина калыбына келтирилди

Араванда 9 ирригациялык скважина калыбына келтирилди

0
1208

Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында 9 ирригациялык скважина жаңыртылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Союз учурунда аталган аймакта 80ден ашуун скважина бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 41-42си гана иштеп жатат.

2022-жылы КР Министрлер Кабинетинин ирригация үчүн иштебеген скважиналарды калыбына келтирүү жөнүндө токтомуна ылайык, 30дан ашуун скважинаны калыбына келтирүү каралып, алардын 20сы Ош облусунда жайгашкан. Ал эми Араван районунда 10 скважинаны калыбына келтирүү мерчемделген. Анын ичинен бүгүнкү күндө Төө-Моюн аймагында — 5, Араван районунун Жогорку зонасында — 4 скважина калыбына келтирилди.

Белгилей кетсек, скважиналарды калыбына келтирүү республикалык бюджет жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Мурунку макалаИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы иш сапары менен Түркияга барды
Кийинки макалаКыргызстан менен Өзбекстандын Соода үйлөрүн ачуу маселелери талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз